• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Фейсбукта» экстремисттик билдирүүлөргө тыюу салынат

15 Бугу 2019 17:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

Фейсбук Жаңы Зеландиядагы мечитке кол салуу тартылган видеодон кийин өз платформасынан түз алып көрсөтүүлөрдү чектеди. Компаниянын жогорку расмий өкүлү Ги Розен тараткан маалыматта Крайстчөрч шаарындагы чабуул жек көрүүчүлүктү жайылтууга каршы чара көрүүгө түрткү болду.

Розен «Фейсбукту» колдонуу эрежелерин бузгандар түз көрсөтүү кызматынан пайдала алышпайт», — деп белгиледи. 15-мартта ак расанын үстөмдүгүн жактаганын айткан адам Крайстчөрч шаарындагы эки мечитте 51 кишини атып кеткен. Ал бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатканын башына тагып алган камерадан социалдык тармак аркылуу түз көрсөткөн.

Айрым колдонуучулар анын видеосун социалдык түйүндө бөлүшүүгө үлгүрүшкөн. Окуядан кийин «Фейсбук» зомбулукту жайылтууга жол бергени үчүн катуу сынга кабылган. Бул окуядан кийин компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг социалдык тармактагы ак расанын үстөмдүгүн жактаган көз караштарга, экстремисттик билдирүүлөргө тыюу саларын жарыялаган.

Количество просмотров: 25