• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Фейсбуктагы баракчалардын биринин администратору милицияга жеткирилди

14 Баш оона 2022 18:34 Бишкек Govori.TV

“Саясий туткун” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев Ички иштер министрлигине жеткирилди. Бул тууралуу маалымат Facebook социалдык тармагында жарыяланды.

Маалым болгондой, бүгүн милиция кызматкерлери активистке келип, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкен.

Активист укук коргоо органдарынын мындай аракеттери президенттин Жетим-Тоо кенине байланышкан маселенин айланасында ким туура эмес маалымат таратып жатканын аныктоо чакырыгына байланыштырууда.

Количество просмотров: 449