• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Фейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Жээнтаевге апасынын жаназасына баруусуна уруксат суралууда

27 Бирдин айы 202613:47 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эркин гезит дизайнери болуп иштеген, социалдык тармактагы пикири үчүн камалган Эрнис Жээнтаевдин жакындары президент Садыр Жапаровдон ага апасынын жаназасына катышып, топурак салуусуна уруксат берүүнү суранып жатышат.

Жээнтаевдин бир тууган иниси Эрик Жээнтаев президенттен агасына ырайым кылып, камактан убактылуу чыгарып, апасынын тажыясына катышууга мүмкүндүк берүүнү өтүндү. Ал ошондой эле Эрнис Жээнтаев үйдүн улуу уулу, чечим кабыл алуучу адам экенин белгиледи.

Эрнис Жээнтаев өткөн жылдын 10-ноябрында кармалып, быйыл 13-февралда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен алты жылга абакка кесилген.

Эрнис Жээнтаевдин апасынын тажыясы Ысык-Көл районунун Темир айылында 28-февралда саат 11:00го белгиленди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 199