• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Фейсбукта» диний-экстремисттик материалдарын таратуу фактысы аныкталды

8 Аяк оона 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

«Фейсбук» социалдык тармагында тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКны басма сөз кызматынан билдиришити.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Фейсбук» социалдык тармагында тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталды. Теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар эккндиги такталган.

2022-жылдын 7-сентябрында “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун Ноокат районундагы 6 активдүү мүчөсүнүн, Ош облусунун Кара-Суу районундагы 1 активдүү мүчөсүнүн жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 1 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө электрондук алып жүрүүчүлөр (флешкарталар, СD-дисктер), диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 576