• Дүйшөмбү 15 Чын куран 2024
  • Понедельник 15 Апрель 2024

УКМК: Чагымчыл маанайдагы материалдарды жарыялаган соцтармак колдонуучусу кармалды

11 Аяк оона 2023 18:08 Бишкек Govori.TV

УКМК жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (“Массалык баш аламандыктар”) туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды системалуу түрдө Facebook социалдык тармагында жарыялаган “Зарина Төрөкулова” аккаунтунун ээси – КР жараны Т.З. аныкталганын билдирет.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.З. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2023-жылдын 9-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Т.З. 30-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 143