• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Феликс Кулов: Митингге сөз сүйлөгөнү эмес, мушташканы келдим

10 Жалган куран 2020 19:05 Бишкек Govori.TV

Митингге сөз сүйлөгөну эмес, мушташканы келдим. Мындай билдирүүсү тууралуу экс-премьер-министр жана УКМКнын мурунку төрагасы Феликс Кулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында ал бүгүн аялдарга карата зомбулукка каршы чыккан жарандардын тынчтык митингине барган.

«Мен бүгүн акцияга барып, ал жактан бир топ тааныштарымды жолуктурдум. Алардын «сөз сүйлөйсүңбү?» деген суроосуна «жок мен сөз сүйлөө үчүн эмес, эгер 8-мартта болгон жүрүшкө келип, аялдарга кол көтөргөн провокаторлор кайрадан келсе ошолор менен мушташам» деп жооп берип жаттым. Трибунадан алыс тургандыктан көргөн жокмун бирок, ал жакка улуттук кийим кийип алып, микрофон талашкан аял болгонун айтышты. Аны милиция кызматкерлери тынч эле четке чыгарып коюшуптур. Былтыр болгон маршка ЛГБТ өкүлдөрү кошулуп кеткендиктен коомчулуктун назарына терс көрүнүш катары көрсөтүлүп калган», — деп жазган ал.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=786574421865897&id=100015400396703

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаарында аялдарга карата жасалган зомбулукка каршы тынчтык митинги өттү. Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишиндеги «Революциянын баатырларына» эстелигинин алдына 400дөн ашуун адам чогулган.

Модераторлор Атай Самыйбек менен Сайкал Жумалиева 8-мартта болгон аялдар маршынын катышуучуларына кол салуу болуп, аларды милиция кызматкерлери кармап кеткенин айтышты.

«Бул биздин жолугушуубузга себеп болду», — деди Атай Самыйбек. Тынчтык митинги болжол менен түштө башталып, бир сааттан кийин бүттү.

Количество просмотров: 11312