• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ферганадагы бала бакчада жапырт уулануу болду

16 Аяк оона 202216:40 Бишкек Govori.TV

14-сентябрь күнү кечинде Фергана облусундагы №39 бала бакчанын сегиз тарбиялануучусу ич өткөк диагнозу менен ооруканага жеткирилген.

Фергана облустук прокуратурасынан билдиришкендей, учурда бейтаптардын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-сентябрда аталган бала бакчанын 33 тарбиялануучусу медициналык кароодон өткөн. Алардын 20сы ооруканага жеткирилсе, 13ү үйлөрүнө кое берилген.

«Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча Алтыарык райондук прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Экспертиза үчүн тиешелүү үлгүлөр алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды», – деп жазылган облустук прокуратуранын билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 152