• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Филиппиндин президенти коронавирус жуккандар каршылык көрсөтсө атууга буйрук берди

3 Чын куран 2020 11:41 Бишкек Govori.TV

Филиппин президенти Родриго Дутерте эгер коронавируска чалдыккан кишилер каршылык көрсөтүп, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч жаратса, аларды «өлтүрө атууга» буйрук бергенин билдирди. Ал бул талап карантинге жөнөтүлүп, бирок анын эрежесин сактабагандарга да тиешелүү экенин түшүндүрдү.

Президенттин басма сөз кызматы саясатчынын сөзүндө кишилердин көңүлүн буруш үчүн «гипербола» (ашыра айтуу) колдонулганын билдирди. Полициянын башчысы президенттин бул сөзү маселенин канчалык олуттуу экенин көрсөткөнүн, ошол эле учурда эч кимге ок атылбай турганын билдирди.

Филиппинде коронавирустан 96 киши өлдү, 2300 киши ооруну жугузуп алды. Бирок өлкөдө тесттер жетишсиз болуп жаткандыктан, статистиканы так деп айтыш кыйын. Эркин басылмалар шаршембиде Филиппиндин борбору Маниладагы кедей райондордун жашоочулары бийликтен гуманитардык жардам сурап нааразылык акцияларына чыгышканын кабарлашты. Анын жыйынтыгында бир нече киши кармалган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 94