Financial Times бизнес гезити 2025-жылы саякат үчүн мыкты багыттардын тизмесин жарыялап, ага Кыргыз Республикасын кошкон. Басылма ушул жылдын апрель айында Ат-Башыга сегиз күндүк атчан турга барууну сунуштайт.

Каалоочуларга атты тез чаап, 3200 метрден ашык бийиктикке жүргөнгө даяр болуп, кар баскан чатырларда түнөө керектиги эскертилди. Туристтик турда Кел-Суу көлүндө түнүү камтылган, аны гезит «Ак илбирстер жашынган кырлуу аскалардын арасына катылган бирюза түстөгү асман тагы.»» деп атаган.
Улуу Британиянын басылмасы сунуштаган турду Александра Толстая уюштурат. Ал алгач 1999-жылы Улуу Жибек Жолу боюнча 8000 чакырым жолду ат менен басып өткөн саякатчы катары белгилүү болгон. Мына ошондо ага Ат-Башындагы эбегейсиз ачык өрөөндөрү жалгыз топоздору, боз үйлөрү жагып калган.
Кийинчерээк Толстая жазуучу жана алып баруучу болгон. Ал эми жыйырма жылдан бери Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында ат минүү турларын уюштуруп келет. 2024-жылдын октябрында Александра Толстая Кыргызстандын туризм тармагындагы элчиси болуп дайындалган.
«Мен сыймыктанам, бирок ошол эле учурда абдан бактылуумун, менин ишим менин каалоом болгонуна, мен Кыргызстандын туризмине пайда алып келем деп үмүттөнөм», — деп жазган ал Instagram баракчасына.