• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токтайым Уметалиева: «Ай-Данектеги» чыккан уят сөз оппоненттердин кылыгы

12 Жетинин айы 2019 13:59 Бишкек Govori.TV

«Ай-Данек» балдар гезитинин октябрда чыккан санында уят сөз камтылган анекдот жарыяланган. Бул тууралуу буга чейин 24.kg агенттиги жазган эле.

Ал эми бул тууралуу аталган гезиттин башкы редактору Токтайым Уметалиева Govori.TVга айтып берди.

«Кимдир бирөө тарабынан жаңжал жаратып, гезитти жабуу максаты болуп жатат. Бул менин хоббим, мен гезит ишинен акча таппайм. Балдардын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуу максатында аракет кылып келем. Кандайча ал кетип калганын билбейм, буга чейин менин почтама чабуул болгон. Азыркы учурда баары эле дистанциялык абала иштеп калбадыбы. Териштирсек ошол сандын эки макети чыгып жатат. Учурда сатыла элек гезиттердин баарын алдык. Буга чейин биздин электрондук почтаны бир нече жолу белгисиздер ээлик кылууга аракет кылышкан. Ал эми бул жаралган жагдай мага карата басым жана жаңжал көтөрүүнүн бир жолу деп баалайм. Мени унчукпасын деген аракет, бул сыңары кадамдар мурунку бийликтердин учурунда да болгон. Муну мага карата саясий буйрутма деп бааладым», — деп билдирген Уметалиева.

Эске салсак, «Ай-Данек» биринчи балдар гезити 1997-жылдан бери чыгат.

Количество просмотров: 206