• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу эки тур менен өткөрүлөт 

8 Теке 202013:16 Бишкек Govori.TV

Орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, кабыл алуунун 1-туру 13-31-июлда өтөт.

«Анда документтерди онлайн түрдө каттоо керек. 3-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. 3-6-август күндөрү абитуриенттердин орто кесиптик орто окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоо жүргүзүлөт. Ал эми 2-туру 1-20-августта. Бул аралыкта документтерди кабыл алуу жүргүзүлөт. 22-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. 23-30-августта абитуриенттердин орто кесиптик орто окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоо жүргүзүлөт”, — деди Жусупбекова.

Количество просмотров: 138