• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Финансы министринин орун басарына сөгүш жарыяланды

11 Жалган куран 20229:18 Бишкек Govori.TV

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлердин орун басарлары жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы аткаруучулук тартипти чыңдоо, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кесипкөйлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Жапаров жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Руслан Татиковго сөгүш жарыялады.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып, депутаттын берген суроосуна тыңгылыктуу жооп бере албаган министрдин орун басары тууралуу айтып нааразы болгон.

«Өткөндө бир депутат «кредит алып эмгек акы көтөрүп жатасыңар» деди. Министрдин орун басары тыңгылыктуу жооп бере албай жатат, же өзү билбейт, же даяр эмес. Ал орун басар боюнча министрлер кабинетинин төрагасына тапшырма бердим. Кызматка татыктуу эмес болсо бошотуш керек. Азыр биз кызматка тааныш билиши, же бирөөнүн көңүлү үчүн кармап турууга акыбыз да жок», — деген президент.

Количество просмотров: 509