Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банктын колдоосу менен коронавирус пандемиясынан жабыркаган ишканаларга пайызсыз насыя берет. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кайтарымдуу насыянын суммасы 72 млн долларды түзөт жана 1,5 жылга пайызсыз берилет.
Кошумчалангандай, насыя 11 коммерциялык банк аркылуу берилет.