• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Финансы жана башка бир катар министрликтердин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди

24 Жетинин айы 2021 17:01 Бишкек Govori.TV

Финансы министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган. 

Мындан улам «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды: 

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө Жобо жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы; 

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө Жобо жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө Жобо жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы.

Буга катар төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти жөнүндө Жобо;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин башкаруу схемасы; 

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департементи жөнүндө Жобо;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын уставы.

Мындан тышкары, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы түзүлдү.

Количество просмотров: 118