• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Фоторепортаж — «Айтматов жана театр» эл аралык фестивалы соңуна чыкты

18 Жетинин айы 2018 1:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.11.2018.Govori.TV

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата 12-ноябрдан 17-ноябрга чейин өткөн «Айтматов жана театр» эл аралык фестивалы жыйынтыкталды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымдады.

Баш байге Чынгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрына «Талаа» спектакли үчүн ыйгарылды. Ал эми 1-орунду «Чыңгызхан» спектакли менен Астана жаштар театры алды. Экинчи орунга «Саманчынын жолу» драмасы менен Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык улуттук театры ээ болду. 3-орунга «Лувр өрдөгү» спектакли менен Каракалпак мамлекеттик академиялык музыкалык-драма театры татыктуу деп табылды.

Фестивалда жалпы жонунан он тогуз номинация боюнча сыйлыктар тапшырылды. Мыкты режиссер номинациясы «Найман эне» спектакли үчүн Нурлан Абдыкадыровго ыйгарылды.
«Мыкты актриса», «Мыкты актер», «Мыкты сахна сүрөтчүсү», «Мыкты сценарист» ж.б сыйлыктар дагы татыктуу талапкерлерге берилди.

 

Количество просмотров: 43