• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Франциядагы нааразылык акцияда 1400дөй адам кармалды

9 Бештин айы 201810:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.12.2018. Govori.TV
Франциядагы ишембидеги “сары кемселчендердин” протесттик акциялары маалында өлкө боюнча 1400гө жакын, ал эми Парижде 970 адам кармалды. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастанер билдирди. Анын айтымында, акция маалында 118 демонстрант жана 17 полициячы жараат алган.
Министрдин маалыматы боюнча акцияга өлкө боюнча 125 миңден ашык адам катышкан.
Ишембидеги акциялар маалында Парижде демонстранттар менен полициянын кагылышы катталган эле.
Француз бийлиги өлкөдө жекшемби күнү да полиция коомдук көзөмөлгө тыкыр көз саларын кабарлады.
Францияда «сары кемселчендер» деген атка конгон демонстранттар үчүнчү апта катары менен өкмөткө каршы жүрүштөргө чыгып жатат. Алар өкмөттүн күйүүчү майга салык киргизүү планына нааразы. 5-декабрда бул план убактылуу токтотулары жарыяланганына карабай, демонстранттар акциядан баш тарта элек.
Булак: “Азаттык”
Количество просмотров: 43