Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.
Франция мамлекетинде башталгыч мектепке окуучулар жетишпей, 15 койду кабыл алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Кретс-ан-Белльдон коммунасындагы мектепте окуучулар дээрлик аз болгондуктан, 11-классты жоюп, 10-класс гана калат деген кыскартууга ата-энелер каршы пикирин айтышкан. Мунун кесепетинен жергиликтүү чабан окуу жайга 65 кой айдап келип, алардын он беши расмий түрдө мектепке кабыл алынган.
Бул маалыматты шаар мэри Жан-Луи Марэ дагы ырастаган.
Белгилүү болгондой, эми ата-энелер мектеп директоруна барып, классты кыскартбоону суранышаары айтылууда.