• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

 «Франс-Пресс» агенттигинин журналисти Кыргызстанга киргизилген жок

9 Бештин айы 2017 22:49 Бишкек Govori.TV

  Жети жылдан бери Кыргызстанда жашап келген  «Франс-Пресс» агенттигинин журналисти Крис Риклтонду бийлик тарабынан тыюу салганын негиз кылып, Кыргызстанга киргизишкен жок.   

Риклтон бул тууралуу бүгүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Ал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, 2010-жылдан Кыргызстанда жашап келгендигин белгилеп, депортациялоо боюнча ордерди алып салууну өтүнгөн.

«Учурда  «Манас» аэропортунда Дубайга депортацялоону күтүп жатам. Мени 9-декабрда таӊкы сат 5терде Коломбодон Дубай аркылуу учуп келген жеримден токтотушту. Мага менин эмне себептен кармалып жатканымды түшүндүрүшкөн жок. Мен Кыргызстанда өз өлкөмдүн жарандары үчүн каралган талаптарды эч кандай бузган эмесмин », — деп жазган ал.

Риклтон тыюу салуу УКМК тарабынан жүргүзүлгөн деп божомолдойт, анткени узак мөөнөттүү акредитацияны алууга аракет кылган, бирок уруксат берилбей, эки жолу УКМК тарабынан суралган.

«Тажикстан,  Казакстан,  Түркмөнстанда  формалдуу түрдө мага аккредитация беришкен. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги эмнеге баш тартышканын түшүндүргөн жок », — дейт ал.

Журналист аялы жана кызы  менен Бишкекте жашап, алар Кыргызстандын жарандары болгондуктан бийлик ага Кыргызстанда калууга уруксат берет деп ниеттенет,

«Кызым өзүнүн Бишкекте жашаган туугандары жана шаардын паркында достору менен бирге ойношун каалайм. Мага Ысык-Көлдөгү үй-бүлөлүк майрамдар жана жекшемби күндөрү тоого чыккан жагат. Алматы шаары абдан жакшы биро,  менен үй-бүлөм ал жакта эмес», — жазган ал.

Риклтон  2015-жылдан бери «Франс-Пресс» эл аралык агенттигинде иштеп келет, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун чагылдырган, Борбор Азия университетинде (АУЦА) иштеген.

УКМКнын маалымат-катчысы Рахат Сулайманов депортация боюнча маселе аларга тиешелүү эместигин бул боюнча ТИМ алектене турганын маалымдаган. ТИМ азырынча жооп кайтара элек.

Количество просмотров: 6