• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Францияда жаңы премьер-министр дайындалды

10 Үчтүн айы 2024 9:10 Бишкек Govori.TV

Франциянын президенти Эммануэль Макрон премьер-министрлик кызматка 34 жаштагы Габриэль Атталды дайындады. Ал өткөн жылдын июлунан бери өлкөнүн билим берүү министри болуп иштеп келген.

Күн мурун кызматтан кеткен Элизабет Борндун ордуна келген Атталь Бешинчи француз республикасынын тарыхындагы эң жаш өкмөт башчысы болуп калды.

Макрон өлкөнү «кайра куралдандыруу» долбоорун ишке ашырууда жаш премьер-министрдин энергиясына таянарын билдирди. Президент Жаңы жылдын алдындагы кайрылуусунда «кайра куралдануу» программасын жарыялаган.

Количество просмотров: 78