• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Парижде туристтик көргөзмө өтүүдө

19 Аяк оона 202411:02 Бишкек Govori.TV

17-19-сентябрда Парижде дүйнөлүк туристтик рыноктун алдыңкы катышуучулары өз продукцияларын жана кызматтарын сунуштаган жыл сайын өтүүчү «France IFTM-2024» эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүп жатат. Бул иш-чарага Кыргызстандын делегациясы катышууда, анын курамында туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКнын өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Делегацияны Кыргыз Республикасындагы «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКнын президенти К.Тайчабаров жетектеп келген. Аны менен бирге фонддун кызматкерлери жана «Asia Expedition», «Ak-Sai Travel», «Inspiro Travel LLC», «Economad» сыяктуу туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышууда. Кыргызстандын стендинин ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, фонддун өкүлдөрү жана делегациянын башка мүчөлөрү катышуусунда өттү.

Көргөзмөнүн биринчи күнүндө француз туристтик компанияларынын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууларда Кыргызстанга чоң кызыгуу болду. Алар өлкөгө келип, кыргыз өнөктөштөрү менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экенин билдиришти.

Количество просмотров: 94