• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Франциянын мурдагы премьер-министри беш жылга кесилди

30 Кулжа 2020 17:21 Бишкек Govori.TV

Франциянын мурдагы премьер-министри Франсуа Фийон мамлекеттин акчасын коромжуга учуратканы үчүн беш жылга кесилди. Анын үч жылы шарттуу, эки жылын саясатчы камакта өткөрөт. Аялы Пенелоп Фийон да шылуундукка айыпталып, үч жыл шарттуу камак жазасын алды. Андан тышкары экөө тең 375 миңден евро айып төлөшөт. Адвокаттары чечимге каршы арызданышарын билдиришти.

Мурдагы өкмөт башчы 2017-жылдын кышында, президенттик шайлоо өнөктүгү кызуу кезинде жаңжалдын чордонунда калган. Француз басылмалары Фийон 2000-жылдары парламенттин депутаты кезинде аялын жардамчысы катары жаздырып коюп, айлык алып жүргөнүн жазып чыгышкан. Сот Фийондун аялы иштебесе да 831 миң евро айлык алган деп тапты.

Шайлоо өнөктүгүнүн баш ченинде андагы президенттикке талапкер Франсуа Фийон алдыда келаткан. «Пенелопагейт» деп эл оозуна алынган жаңжалга байланыштуу рейтинги төмөндөп, натыйжада үчүнчү орунду алган.

Количество просмотров: 52