• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Франциянын президенти Казакстан менен Өзбекстанга барат

27 Тогуздун айы 2023 14:55 Бишкек Govori.TV

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 1-2-ноябрь күндөрү алгач Казакстанга, андан соң Өзбекстанга расмий сапары менен барат.

«Франция реформалардын жана модернизациянын жолунда бул эки өлкөнү колдоого, эл аралык мамилелерин диверсификациялоого салым кошууга, алардын эгемендигин колдоп, Европа менен байланыштарын бекемдөөгө даяр», – деп билдирди француз президентинин администрациясы.

Елисей сарайынан билдиришкендей, Франциянын Казакстан жана Өзбекстан менен жакындашуусунун максаты – «экономикалык, энергетикалык, транспорттук инфраструктура, саламаттык сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, коргонуу тармактарында кызматташуу жана сырьелордун маанилүү түрлөрүн жеткирүү» болуп эсептелет.

Сапардын алкагында франциялык компаниялардын катышуусунда экономикалык форумдарды өткөрүү пландалган.

Бул француз президенттеринин Өзбекстанга экинчи сапары болот. Акыркы жолу 1994-жылы апрелде Франциянын ошол кездеги лидери Франсуа Миттеран Ташкентке келген.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Францияга акыркы жолу 2022-жылы 21-22-ноябрда, казак лидери Касым-Жомарт Токаев бир жумадан кийин 29-30-ноябрда барган.

Количество просмотров: 113