• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Гипермаркетте эркек киши аялды бетке чапкан окуяны милиция тергөөдө

13 Теке 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы гипермаркетте эркек киши аялды чаап салган окуя боюнча териштирүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Эске салсак, Түштүк магистралда жайгашкан Globus гипермаркетинде белгисиз адам ары жылып коюуну суранган аялды бетке чапкан. Кийинчерээк ал адам Ички иштер министрлигинин кызматкери экени да айтылган.

«12-июлда Д.Э. милицияга арыз менен кайрылып, ага карата жаман сөздөр айтып, денесине залал келтирген белгисиз адамга чара көрүүнү суранган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 598