• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Француз актеру Жерар Депардье Өзбекстанды дүйнөгө таанытуу аракетин көрөт

12 Жетинин айы 2019 9:32 Бишкек Govori.TV

Француз актеру Жерар Депардье Өзбекстандын туристтик брендинин Франциядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өзбек премьер-министри Азиз Абдухакимов билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү сертификат актёрго атайын уюштурулган иш-чарада тапшырылат.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Өзбекстандын туристтик брендин Францияда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө таанытуу демилгесин актёр өзү көтөрүп чыккан.

Жерар Депардье Ташкентке өткөн жумада «Жибек жолу» документалдык тасмасын тартуу үчүн келген. Фильм 6-ноябрдан 26-ноябрга чейин Өзбекстандын Ташкент, Самарканд, Бухара, Хива, Термез жана Нукус шаарларында тартылат. Учурда актёр Самаркандда жүрөт.

Жерар Депардье постсоветтик аймактагы диктаторлор менен жакын мамиледе болгон батыш жылдыздарынын бири.

2012-жылы ал Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова менен дуэт ырдаган. 2013-жылы туруктуу негизде адам укуктарын бузуп келген Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун чакыруусу менен Грозныйга барып, белекке батир алган.

Депардье Франциядан өлкөдөгү бай адамдарга карата салык кыйла көбөйтүлгөндөн кийин кеткен. 2013-жылы орус паспортун алган.

Количество просмотров: 33