Бүгүн 2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстан менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.
Түркмөнстанга каршы оюндун алдында футбол күйөрмандары үчүн ырчылардын катышуусунда шоу-программа тартууланат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын жаштар курама командасы I тайпада Мьянма, Түркмөнстан жана Япония командалары менен бирге жайгашкан. Турнирдин биринчи турунда кыргыз спортчулары 25-сентябрда Мьянманы 2-0 эсебинде жеңген.