• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан жаштар курамасы Катарга утулуп калды

19 Бирдин айы 20259:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-20) Кытайда өтүп жаткан Азия кубогунда Катарга утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.

Беттеш 4:0 эсебинде Катардын пайдасына аяктады.

Белгилей кетсек, 2-таймда кыргызстандыктар команданын капитаны Атай Эшенкулов оюндан четтетилгенден кийин аз курам менен ойношкон.

КР командасы үч беттеште тең утулуп, турнирди жыйынтыктап, А тайпасында акыркы орунду ээлеп, Кытай менен Австралия алдыга жылды.

Количество просмотров: 212