• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев жаштар курамасын Азия кубогуна чыгышы менен куттуктады

30 Аяк оона 202414:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын эртең мененки тамактануусуна катышып, команданы, машыктыруучулук жана административдик штабдын мүчөлөрүн 2025-жылкы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышы менен куттуктады.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ошондой эле курама команданы куттуктоого биринчи вице-президент Нурдин Букуев, башкы катчысы Медербек Сыдыков жана улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын дагы келди.

Өз кезегинде команданын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов жана жаштар курама командасынын вице-капитаны Атай Эшенкулов КФБнын жетекчилигине командага көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдиришти.

Количество просмотров: 102