• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Футбол боюнча жаштар курамасы Испанияда окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт

30 Бештин айы 202416:23 Бишкек Govori.TV

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев U-20 жаштар курамасынын оюнчулары, команданын машыктыруучулук жана административдик штабынын мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу биримдиктен билдиришти.

Чогулушка КФБ аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Салымбеков, башкы катчысы Медербек Сыдыков жана Жалал-Абад шаарынын «Барселона» футбол академиясынын президенти Айбек Алыбаев катышты.

Эскертсек, 2025-жылкы Азия кубогуна даярдыгын улантуу үчүн 3-январдан тарта курама Испаниянын Аликанте шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Машыгуулар Pinatar базасында өтөт.

КФБ башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын футбол боюнча курамасы алгачкы жолу Европа өлкөсүндө жыйын өткөрө тургандыгын белгилеп, андан үзүрлүү жыйынтык болооруна ишенерин айтты. Окуу-машыгуу жыйын үчүн кураманын делегациясын Айбек Алыбаев жетектеп барат.

Количество просмотров: 266