Кыргыз футбол биримдиги Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын (U-20) башкы машыктыруучусу Сергий Пучков менен эмгек келишимин токтотту.
Бүгүн, 21-февраль күнү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБ Техникалык комитетинин жыйыны орун алып, анда Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу Сергий Пучковдун команданын Азия Кубогундагы болгон оюну боюнча отчетту угулган. Жыйынга комитеттин мүчөлөрүнөн сырткары өспүрүм, жаштар жана улуттук курамалардын машыктыруучулары катышты.
Дастан Конокбаев төрөгалык кылган Техникалык комитет, адистин отчетун угуп, башкы машыктыруучу менен эмгек келишимин токтотуу маселесин Аткаруучу комитеттин кароосуна жөнөттү.
Ал эми, онлайн форматта өткөрүлгөн Аткаруучу комитетинин отурумунда Азия Кубогундагы начар жыйынтыкты эске алуу менен кабыл алынган чечимге ылайык, Сергий Пучков өз кызматынан бошотулду. Башкы машыктыруучу менен бирге машыктыруучулук штабы дагы кызматынан бошотулду.
Белгилесек, ал жаштар курамасынын машыктыруучуусу болуп өткөн жылдын декабрь айында дайындалган.