• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев Испанияда жаштар курамасынын машыгуусун көрдү

10 Үчтүн айы 202513:34 Бишкек Govori.TV

9-январда Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасы Испаниянын Аликанте шаарында өтүп жаткан окуу жана машыгуусунун алкагындагы алгачкы контролдук беттешин өткөрдү.

Оюн испандык «Картахена» клубуна каршы өттү. Аталган беттешке КР УКМК жетекчиси жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев күбө болгон.

Кыргыз курама командасы беттешти 5-0 эсебиндеги жеңиш менен аяктады. Оюндан соң КФБ жетекчиси футболчуларды жеңиши менен куттуктады, ошондой эле жаңы башкы машыктыруучунун жетекчилиги алдында команданын Азия Кубогуна болгон даярдыгын белгиледи.

Количество просмотров: 246