Азия чемпионатында эркин күрөшчү Арсалан Будажапов Кыргызстанга биринчи алтын медаль алып келди.
Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Будажапов 22-февралда эркин күрөштөн 79 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, мелдештин финалында индиялык Балиян Гоурав менен күч сынашып, жеңди.
Будажапов мелдешти чейрек финалдан баштап, алгачкы беттешинде Галимжан Эсербаевди 4:2 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык балбан Али Бахтияр Савадкоушини 3:1 эсеби менен уткан.
Азия чемпионаты Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.