• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Футбол: Кыргыз-тажик беттешине Садыр Жапаров келди

14 Кулжа 202221:01 Бишкек Govori.TV

Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өтүп жаткан Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттешине президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен келди. Ошондой эле «Ак-Шумкарларды» колдоо үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү келди.

Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунуда башталат. Беттешке 16 миңден ашуун билет сатылганы кабарланган. Мындан тышкары Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Бишкектин эски аянтында фан-зоналар уюштурулуп, оюн түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңди.

Ушул тапта F тайпасында Кыргызстанда да, Тажикстанда да алтыдан упай бар. Бирок Кыргызстандын курама командасы гол киргизген жана өз дарбазасына өткөрүп жиберген топтордун айырмасы боюнча Тажикстандын курамасынан кийинки экинчи орунду ээледи.

Количество просмотров: 336