• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Футбол: Кыргыз-тажик беттешинин 1-бөлүгү аяктады

14 Кулжа 202221:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары беттеши өтүп жатат. Учурда беттештин биринчи бөлүгү аяктады. Эсеп азырынча ачыла элек.

Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо старт алды.

«Ак шумкарлады» колдоо үчүн өлкө башчысы баш болгон бир катар бийлик өкүлдөрү келген.

Белгилей кетсек, бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн. Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңди.

Ушул тапта F тайпасында Кыргызстанда да, Тажикстанда да алтыдан упай бар. Бирок Кыргызстандын курама командасы гол киргизген жана өз дарбазасына өткөрүп жиберген топтордун айырмасы боюнча Тажикстандын курамасынан кийинки экинчи орунду ээледи.

Количество просмотров: 301