Бүгүн, 25-сентябрь күнү Бишкектин Д.Өмүрзаков стадионунда жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндары старт алып, Кыргызстан курамасы алгачкы беттешинде Мьянмага каршы кез келди.
Беттештин алгачкы бөлүгүнүн 17 мүнөтүндө эсеп санын Байбол Эрмеков ачты. Ал эми 37-мүнөттө Ырыскелди Маданов дагы бир гол киргизип командасын алдыга алып чыкты.
Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын курамасы 2:0 оюнду жыйынтыктады.
Белгилей кетсек, ушул эле тайпада Япония менен Түркмөнстан ойноп, жапондор да 2:0 эсебинде атаандашын жеңген. 27-сентябрда Кыргызстан Түркмөнстан менен ойнойт.
Тандап алуу оюндарына жалпы 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген алты курама жолдомо алышат. Биздин курама «I» тайпасында Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония курамалары менен бирге жайгашкан.