• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Футболчулар бараткан автобус кулады

21 Үчтүн айы 2019 16:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

Боливияда футболчулар бараткан автобус 130 метр бийиктиктен кулап кетти. Он үч адам каза болуп, дагы жыйырмасы жараат алды. Бул тууралуу чет элдик ММКлар кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык автобустун тормозу иштебей калгандан улам жүз берген. Унаада турнирге бараткан «Сиклес Клуб Лавалье» футболдук команданын оюнчулары болгон. Спортчулар 21-24 жашта эле.

Автобуста башка жүргүнчүлөр да бар эле. Каза болгондордун төртөө футболчулар. Дагы алты оюнчу ооруканага жаткарылды.

Кырсык, Тариха жана Потоси шаарларынын ортосунда болгон.

Булак: “Калыс Медиа”

Количество просмотров: 38