• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Гүлмира Кудайбердиева КМШнын Билим берүү боюнча Кеңешине төрайым болуп шайланды

23 Чын куран 201816:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева КМШ өлкөлөр аралык билим берүү тармагы боюнча кызматташтык Кеңешинин төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда белгилүү болгондой, 19-апрелде Москва шаарында аталган Кеңештин 20-юбилейлик жыйыны болуп өткөн. Анда КРнын билим берүү жана илим министри ушул жылдын 27-28-сентябрында Кыргызстанда өтүүчү  Кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн агартуу кызматкерлеринин V Съездине карата даярдыктарды айтып берген. Жыйынтыгында Кеңештин мүчөлөрү тарабынан ал Кеңешке төрайым болуп бир добуштан шайланган.

Эске сала кетсек, 20-апрелде Кыргызстанда жаңы Өкмөт куралып, анда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева экинчи ирээт министрлик кызматын сактап калды.

Количество просмотров: 73