“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Гүлнара Бостонова.
Гүлнара айым Жалал-Абад облусуна караштуу Райкомол айылынан келген. Отунчу Ташкулов атындагы №20 мектепте чет тилден мугалим.
«Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп иштеп жаткан учурда айылдагы көпүрөлөрдү курдурганбыз. Ошондой эле атайы долбоорлордун жардамы менен мектепти компьютердик жабдыктар менен аз да болсо камсыз кыла алдык. Бул окуучуларга абдан жакшы көмөк болду. Өзүм жети баланын энесимин, азыркы учурда жеткен ийгиликтеримдин артында жолдошум, үй-бүлөм турат. Бул тренингде аялдардын деңгээлин көтөрүү жолдорун үйрөнгүм келет»,-деди ал.