• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Гүлнур Асанова: «Эки күн реанимациядан чыгышын күтүп, Кудайга жалынып, аманчылыгын тиленген күндөр артта калды…»

3 Жетинин айы 2022 9:24 Бишкек Govori.TV

Ырчы Гүлнур Асанованын апасы жол кырсыгына кабылганын өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Анын айтымында мындан 10 күн мурун апасы чоң автокырсыкка кабылып, ооруканага түшкөн.


Ошондуктан ырчы айым социалдык баракчаларда активдүү кирген эмес. Ырчы окуяны мындайча баяндады. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:


«Жоксуз, эмнеге унчукпайсыз, жооп жазып коюш кыйынбы дегендерге:
-Ооба, жокмун. Эми гана мээм жакшы иштеп, телефонго кенен кол тийип, фбга бүгүн кирип жатам. Апам 10 күн мурун чоң кырсыкка ( дтп) кабылып, больницада жашап жатам.
Эки күн реанимациядан чыгышын күтүп, Кудайга жалынып, аманчылыгын тиленип уйкусуз өткөн күндөр артта калды буйруса.
Саясат, той, балакеттин баары кызыксыз…
Ошондуктан аман эле бололу!»,-деп жазды.

Количество просмотров: 1839