• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алагөзов Ажиевдин апасынын президентке жолдогон өтүнүчүн жарыялады

6 Жалган куран 202612:40 Бишкек Govori.TV

Даниэл Ажиевдин апасы президент Садыр Жапаровго баласына ырайым кылуу өтүнүчү менен январдын башында кайрылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармак баракчасы аркылуу билдирди.

«Соцтармакта “Кантип эле президенттин жеке WhatsApp номерине кайрылсын” деген өңдүү күмөн саноолор болуп жаткандыктан төмөндө Ажиевдин апасынын видео кайрылуусун жана ал салган телефон номердин сүрөтүн жүктөйм», — деп жазган ал.

Мунун алдында президен Жапаров «Кабар» агенттигине кыскача маек куруп, анда вебкам иши боюнча соттолуп, 17-февралда жаза аткаруу абагынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган Даниел Ажиевге ырайым берилиши жана анын тик учак менен учуп кеткени тууралуу да комментарий берген болчу.

Количество просмотров: 362