Бишкек. 12.12.2018. Govori.TV
Белгилүү саентолог, өзүн кыргыздын демимин деп атаган Гүлзат Мамытбек өзүнүн ведео кайрылуулары менен таанылып келет. Бирок ал акыркы учурларда ырчылык багытында өзүн сынап көрүүдө. Ал албетте ырлары аркылуу кыргызга дегеле жалпы планетага дем берүүгө аракет кылып жатканын баса белгилеп келет. Муну далилдөө максатында ал 3 англис, кыргыз, орус тилинде ырдап чыкты. Клиптин тартылып бүкөндүгү тууралуу Мамытбек өзүнүн инстаграм баракчасынан билдирди.
«Менин клибим чыкты, ютуб каналымда. Эквадордон тарткан клибим. Мен Эквадордон сүйгөнүмдү жолуктургам. Планетаны бирге көтөрөбүз!» -деп видео пост жазды.
Эске салсак Мамытбек жергиликтүү маалымат каражаттарына сүйүктүүсү Испаниялык режиссер экендиги тууралуу айтып берген.