• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

19 Аяк оона 2018 13:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.09.2018 Govori.TV
КРнын Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги №81 “Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, залкар жазуучу «Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү» Мыйзамынын кабыл алынганын 29 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Эне тил жана Айтматов” атту — мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады.
Мамлекеттик тилдин үч айлыгы Бишкек жана Ош шаарында, областтык жана райондук мамлекеттик администрацияларда, билим берүү мекемелеринде, ишкана жана уюмдарда өткөрүлөт.
Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу, жаш муунду мекенчилдикке, табиятты коргоого жана сактоого, адамгерчиликке ж.б. мыкты сапаттарга үйрөтүү максатында уюштурулуп жаткан үч айлыктын алкагында:
Ишкана, мекеме-уюм, маданий борборлор: — иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, тилди үйрөтүү курстарын уюштуруу; — Ч.Айтматовго арналган жыйын, тегерек стол, кереге кеңеш, адабий-музыкалык кече ж.б. иш-чараларды уюштуруу; — улуттук үрп-адат, каада-салттарга (бабалар мурасы, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк) байланыштуу көргөзмөлөрүн өткөрүү; — Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окууларды уюштуруу;. — мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган макала, баяндама, аудио-видео материалдарды, учкул-накыл сөздөрдү (ЖМК, социалдык баракчалар, сайттар) жайылтуу; — Китепкана фондун кыргыз китептери менен толуктоо жана кыргыз китептеринин көргөзмөлөрүн уюштуруу. Билим берүү мекемелери: — Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу сынактарын уюштуруу; — Ч.Айтматовго жана тил маселелерине байланышкан конференция, семинар, вебинар, диспут, таймаш, олимпиада, дебат, викторина ж.б. уюштуруу; —
Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көрсөтмөлүү ачык сабактарды, жаңы муундагы видео сабактарды даярдоо, жайылтуу; — мамлекеттик тил кабинеттерин уюштуруу; — улуттук үрп-адат, каада-салттарга (бабалар мурасы, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк) байланыштуу көргөзмөлөрүн өткөрүү; — Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окууларды уюштуруу;. — мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган макала, баяндама, аудио-видео материалдарды, учкул-накыл сөздөрдү (ММК, социалдык баракчалар, сайттар) жайылтуу; — эссе, дилбаян, жат жазуу ж.б. — Китепкана фондун кыргыз китептери менен толуктоо жана кыргыз китептеринин көргөзмөлөрүн уюштуруу ж.б. иш-чаралардын бирин же бир нечесин өткөрөт.
Үч айлыктын жигердүү катышуучулары уюштуруучулар тарабынан аныкталып, кызыктуу, мазмундуу, таасирдүү иш-чаранын уюштуруучулары жана иш чарага жигердүү катышкандар Улуттук комиссия тарабынан сыйланат. Толук маалыматты Улуттук комиссиянынmamtil.kg расмий сайтынан алууга болот.
Количество просмотров: 87