“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Гүлжан Акматова.
Талас облусунун Кара-Буура районунан келген Гүлжан айым учурда аялдардын демократиялык уюмунда эмгектенет.
«Аялдар демократиялык уюмунда эмгектенем. Ал жакта айымдардын билимин жогорулатуу, кыйналгандарга көмөк көрсөтүү сыяктуу түрдүү тренингдерди өткөрөбүз. Айылдк кеңешке депутат болуп калсам, кыйналгандарга жакындан жардам бергим келет»,-деди Акматова.