• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Үгүткө аралашкан маданият кызматкерлери иштен алынды

24 Жетинин айы 2021 15:46 Бишкек Govori.TV

Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бир катар маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери кызматтан бошотулуп, айрымдарына сөгүш берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Шайлоо өнөктүгүнө катышкандагы аныкталып кызматтан кеткен жана чара көрүлгөн кызматкерлерин тизмеси:

1. С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Ж. С. – иштен бошотулду;

2. “Манас” театрынын директору – А. Б. уулу –өз арызы менен иштен бошотулду;3. Алай районунун маданият үйүнүн директору И.Э. – өз арызы менен иштен бошотулду.

4. А. Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалими А. уулу М. – сөгүш берилди;

5. Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинин директорунун орун басары – сөгүш берилди;

6. Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу М. И. Д — өз арызы менен бошотулду.

Кошумчалай кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган.

Количество просмотров: 591