• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Гавайи эс алуу жайында күзөтчүлөр менен эс алуучулардын ортосунда массалык мушташ болду

17 Баш оона 202423:26 Бишкек Govori.TV

Чүй облусундагы Гавайи эс алуу аймагында коопсуздук кызматкерлери менен эс алуучулардын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 15-августта Чүй райондук ички иштер башкармалыгына Гавайи эс алуу аймагында мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя катталып, бардык жагдайларды аныктоо үчүн тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.

Келген тергөө тобу эс алуучу жайдын унаа токтотуучу жайында эс алуучулар менен коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкканын аныкташкан. Чырдын чыгышына эреженин бузулушу себеп болгон: эс алуучулардын бири сууга түшүүгө тыюу салынганы тууралуу кызматкерлердин эскертүүсүнө карабай кийими менен сууга секирип кеткен. Натыйжада уруш чыккан.

Текшерүү учурунда мушташкан алты катышуучу мас экени аныкталып, алар соттук-медициналык экспертизадан өткөн. Алардын үчөө – 1996-жылы туулган Б.Н., 1996-жылы туулган О.Н., 1994-жылы туулган Н.Э., арыз жазышкан. Аларга карата зарыл болгон соттук-медициналык жана юридикалык экспертизалар дайындалды

Учурда тергөөгө чейинки амалдар жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен окуянын бардык катышуучуларынын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Теги:
Количество просмотров: 334