• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Генерал Турганбаев Нью-Йоркто кимди  сүрөөнгө алды?

9 Чын куран 2018 15:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.04.2018. Govori.TV

ИИМдин мурдагы министри,  генерал Мелис Турганбаев 8-апрелде Нью-Йоркто болуп өткөн UFC таймашында мушкер Хабиб Нурмагомбедовго сүрөөнчү болду. Бул тууралуу  “Govori.TV” сайтына өздүк булактар билдирди.

Эске сала кетсек, 8-апрелде орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомбедов менен америкалык Эла Яквинта эр уруштун UFC версиясы боюнча 70 кг.  салмакка чейинки чемпиондукту талашуусу болуп өткөн. Бул беттеште Хабиб техникалык жеңишке жетишкен. Россиянын тарыхында мындай утуш биринчи жолу болуп жатат.

Ал эми бул боюнча өзүнө кайрылганыбызда, жакынкы арада бул беттеш, андагы сезимдери, дегеле спорттун бул түрүнүн кызыктары тууралуу  генерал Govori.TVга маек берээрин убада кылды.

Эске сала кетсек, спорт күйөрмандарынын пикири боюнча Хабиб Нурмагомбетов дагы бир аты белгилүү мушкер Конор Макгре́гор менен беттешип калуу мүмкүнчүлүгү бар.

 

Количество просмотров: 30