17-июлда Нью-Йорк шаарында 15 жаштагы өзбек тектүү Фаридун Мавлонов октон алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды.
Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, окуядан эки саат мурун мектеп окуучуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Балдар сабактан кийин жолугуп сүйлөшүүнү макулдашып, тарап кетишкен. Кийин Фаридун Мавлонов башка балдар менен бирге белгиленген жерге барганда каршы тараптагы 17 жаштагы бала тапанчадан ок чыгарган. Октун бири Фаридунга тийип, ал алган жараатынан улам ооруканада эсине келбестен каза болгон.
The New York Times’тын маалыматына караганда, Фаридун Мавлоновдун үй-бүлөсү Өзбекстандан АКШга 12 жыл мурда көчүп барган. Анын атасы Фирдавс Мавлонов чач тарач болуп иштейт. Фаридун алты бир туугандын бири болгон.
Нью-Йорк полициясы 2020-жылдан бери жаштардын арасында зомбулук жана кылмыштуулук көбөйгөнү байкалып жатканын билдирди.
4-июлда атылган октон 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, беш жана 12 жаштагы эки кыз жаракат алганы кабарланган.
Маалыматка караганда, быйыл июль айына чейин шаарда 18 жашка толо элек 62 бала октон жаракат алган.