Ишемби күнү Нью-Йорктун Буффало шаарындагы супермаркетте 10 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуу расалык зомбулук катары иликтенип жатат.
Полициянын маалыматына караганда, 18 жаштагы Пэйтон Жендрон жарым автомат мылтык менен аткан. Ал кол салуусун Twich стриминг сервисинде түз эфирде көрсөткөн. Каза болгон 10 кишиден тышкары үч адам жаракат алган. Жабыркагандардын басымдуу көпчүлүгү кара түстөгүлөр.
Ок чыгарган адам кармалып, ага киши өлтүрүү боюнча айып коюлду.