• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Германия Алишер Усмановдун 156 метрлик яхтасын камакка алды

3 Жалган куран 2022 18:05 Бишкек Govori.TV

Германия бийлиги Гамбургда Евробиримдиктин санкциясына илинген миллиардер Алишер Усмановдун 156 метрлик яхтасын камакка алды. Бул тууралуу Forbes яхта бизнесиндеги үч булагына таянуу менен билдирди.

«Дилбар» яхтасынын баасы 600 миллион доллар турат. Ал былтыр октябрдан бери Гамбургдагы Blohm+Voss кеме куруучу заводунда токтоп турган. Forbes журналынын булактары яхта камакка алынгандыктан шаршембиде аны оңдогон жумушчулар ишке чыкпаганын кабарлашты. Усмановдун өкүлдөрү азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Усмановдун яхтасы 2016-жылы автордук долбоор менен курулган. Аны чыгарууга беш жыл жумшалган. Ал салмагы 16 миң тонналык дүйнөдөгү эң ири яхта болуп эсептелет. Кемеде дүйнө жүзү боюнча эң чоң бассейн, эки тик учак коно турган аянтча жана сауна бар.

Усманов Орусия менен Украинада болуп жаткан окуяга байланыштуу орусиялык башка ири бизнесмендер менен катар санкциялык тизмеге киргизилген. Forbes басылмасынын маалыматына караганда, орусиялык миллиардерлерге жалпысынан 32 мега-яхта таандык.

Количество просмотров: 1501