23-августта Германиянын батышындагы Золинген шаарынын 650 жылдыгына карата уюштурулган фестивалда белгисиз адам бычак менен кол салып, 67 жана 56 жаштагы эки эркек, 56 жаштагы бир аял каза болгон.
Дагы сегиз киши жабыркап, төртөө өмүр үчүн күрөшүп, оор абалда жатканын жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Бычак менен кол салууга тиешеси бар деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалган. Ал телефондон окуяны талкуулап жатканын эки аял угуп калып, полицияга телефон чалган. Ошондон кийин ал камакка алынган.
Полиция кылмыш болгон жерге жакын жерден бир нече бычак табылганын, алардын бири кол салганга таандык болушу мүмкүн экенин айтууда.
Соттук-медициналык экспертиза кол салган адам жабырлануучулардын моюнуна атайылап сокку урган деген корутунду чыгарган.