• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Германияда кантип окуп, иштөөгө болот? Элчи менен маек

12 Чын куран 2024 18:09 Бишкек Govori.TV

Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчи айым д-р Габриэла Геллил «Govori.TV» агенттигине маек куруп, кыргыз жаштары Германияда кантип окуп жана иштей ала турганы тууралуу кенен айтып берди.

Элчи айым Германия менен Кыргызстан билим берүүнүн айрым тармактарында көптөн бери иштешип келе жатканын белгиледи.

Анын айтымында, учурда бир нече мектептерде жана университеттерде немис тилин окутуу колдоого алынган, ошондой эле бир нече жылдан бери ар кайсы университеттерде немис тили боюнча адистерди даярдалып келет. Жана ар кандай программалар ишке ашырылууда.

Количество просмотров: 142